Ички иштер министрлигинин академиясына жаңы спортзал колдонууга берилди

Бишкекте 17-июнда Ички иштер министрлигинин академиясында Түркия кызматташтык жана өнүгүү башкармалыгынын (ТИКА) колдоосу менен оңдолуп ишке берилген жаңы спортзалдын ачылыш аземи өткөрүлдү. Аземге КРнын Ички иштер министри Абдулда Суранчиев, Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Метин Кылыч, Түркия кызматташтык жана өнүгүү башкармалыгынын Бишкектеги координатору Хакан Эргүн, аталган академиянын башчысы Жеңиш Жакыпов жана башкалар катышты.

Аземдин алкагында Метин Кылыч КРнын ИИМинин Жол-кайгуул кызматынын башчысына жалпы суммасы 2 миллион сомду түзгөн 8 радарды белекке берди. Бул тууралуу бүгүн, 18-июнда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан