Бүгүн Бишкекте 6 аймактык милиция бөлүмү ачылып, биринде 94 жаштагы аксакал катышса, экинчисинде куран окутулду (фоторепортаж)

Бүгүн, 18-июнда борбор шаардын конуштарында 6 аймактык милиция бөлүмү ачылды. Иш-чарага Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар катышышты. 

“Мурда жарандар милицияга кайрылыш үчүн борборго келүүгө же шаардын алыс аймагына барууга аргасыз болушчу. Эми милиция элге жакын болду. 2013-жылы Бишкекте 44 бөлүм ачылган. Бир бөлүмгө 380 миң сом сарпталган болсо, жалпысынан 15,2 миллион сом иштетилген. Ал эми үстүбүздөгү жылы 12 милиция бөлүмүн ачуу пландалууда. Аймактык милиция бөлүмдөрү элдин өтүнүчү менен ачылууда”,- деди Бишкек ШИИББинин башчысы Мелис Турганбаев

Айта кетсек, бүгүн Ленин районунун Киркомстром, Ак-Ордо, Арча-Бешик, Ак-Өргөө конуштарында жана Октябрь районунун 6-кичи районунда аймактык милиция бөлүмдөрү ачылды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
jypara1415
2014-06-18 16:12:58
Элге пайдасы тийген милициялар иштесин !
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан