Ошто “Балдар - биздин келечегибиз” аталышындагы акциянын жыйынтыгы чыгарылып, балдарга белектер берилди

Бүгүн, 18-июнда Ош шаардык мэриясынын имаратында “Балдар - биздин келечегибиз” деген аталыштагы акциянын жыйынтыгы чыгарылып, 1-Июнь - Балдарды коргоо күнүнө карата жана Ош коогалаңында жабыркаган балдарга белектер тапшырылды.

Анда 1-июндан тартып ушул күнгө чейин Жаштар иштери боюнча комитетине балдар үйлөрүндөгү өспүрүмдөрдөн жана Июнь окуясында жабыркаган балдардан келип түшкөн каттардын негизинде велосипед, китеп, уюлдук телефон, китеп кап сыяктуу өздөрүнө керектүү буюмдарды беришти.

Ага вице-мэр Ильич Эргешов, мэриянын алдындагы Жаштар иштери боюнча комитетинин төрагасынын милдетин аткаруучу Эрнис Кулназаров, ошондой эле шаардагы бир катар балдар үйүндө тарбияланган балдар жана алардын жетекчилери катышты.

Жаштар иштери боюнча комитетинин төрагасынын милдетин аткаруучу Эрнис Кулназаровдун айтымында, балдарга белек алууга демөөрчүлүк кылгандар көбүнесе жеке ишкерлер болушкан. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
aida2013
2014-06-18 19:33:11
жакшы бирок белектери аздай корунот го
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан