Кайрат Примбердиев баштаган ырчы жигиттер жаратылыш коюнунда эс алышууда (фоторепортаж)

Бүгүн, 18-июнда эртең менен ырчы Кайрат Примбердиев ырчы жигиттерди топтоп, "Ала-Арча" жаратылыш сейил багына эс алууга жөнөп кеткен. Алардын арасында Замир Арыкбаев, Курал Чокоев, Ирлан Таалайбеков, Ильяз Андаш жана башка чыгармачыл жигиттер бар. Сахналаш досторго Кайраттын келинчеги Эльвира атайын дасторкон жайып, өз колунан чыккан даамдар менен сыйлоодо.
"Ырчылар гастроль деп жүрүп көп чогулбайт экенбиз. Мындан улам жакын сахналаш досторумду тоого чакырдым. Жамгыр себелегенине карабай бүгүнкү күнүбүз көңүлдүү өтүп жатат. Жаратылыш коюнундагы эс алууну шишкебексиз элестетүү кыйын эмеспи. Бул жагын эске алып, атайын эт камдай келген элем. Шишкебектен жеп курсакты тойгузуп алып волейбол ойноп жатабыз. Тоого атайын келгендиктен, бул жактан сахналаштарымдын коштоосунда "Досторго" деген ырыма клип тарта кетүүнү да көздөп жатам",- дейт бул жолугушууну уюштурган Кайрат Примбердиев.
Ырчылар жаратылыш коюнунда чер жазышты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
meka93
2014-06-18 15:36:21
молодцы,ушинтип ынтымактуу болушса эле жакшы да. Бири-бирин жамандап.чырдашып жатып калбай. Ынтымактуу болсо деле болот экен да корсо .Башкаларга да улгу болгула. КАЙРАТ ПРИМБЕРДИЕВ молодеееец,ушундай адамдардын баштын бириктиргенине. Ийгилик чыгармачылык жана уй-булолук бакыт!!!
+3
admin_portal
2014-06-18 16:02:15
zulunbekov - эскертүү!
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
Aimeerimka
2014-06-18 16:37:00
Ооооо сонунго Азаматсыз Кайрат сизге чыгармачылык ийгилик каалайм.
0
fea1990
2014-06-19 01:43:35
Оо Соонунго
0
Jikos
2014-06-19 09:01:59
Дасторкондо нан неге жооооок?

-2
Айдай
2014-06-19 13:01:25
Jikos, нанды кийин койшуптруго.....
0
anara-anara
2014-06-19 10:49:35
Сонун эс алышыптыр.Азаматсын Кайрат баарынын башын бириктирип ынтымака чакырганы.Чачын да жакшы алып салыптыр келинчеги бактылуу болуп коп наристелуу болушсун.
0
Alai.kyzy
2014-06-19 11:36:58
Жакшы дем алышыптыр. Жаратылыштын койнунда шашлык кылып жеген кандай сонун!!! Иштегенден кийин дем алышты да билиш керек, азаматтар!
0
azamat94
2014-06-19 11:39:06
Ооба,чачын жакшы алып салыптыр. Валерий Леонтьевдей болбой эле койсун. Кайрат Примбердиев болуп жүрө берсин.
0
aikol87
2014-06-19 20:03:35
Жаратылыш койнунда эс алганга не жетсин. Кафеде кечке данка-дунк болуп башын ооруйт. Молодец Кайрат!!!Уй булоолук бакыт каалайм.Ийгилик коштоп журсун.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан