Өлкө аймагында 8 пилоттук психосоциалдык борбор ачылат. Бул тууралуу бүгүн, 18-июнда облустук администрацияда өткөн форумда маалым болду.
Анда түрдүү кырдаалда психикалык жактан кыйынчылыкка дуушар болгон жарандарга жардам көрсөтүүнү максаттаган борборлор Ошто, Жалал-Абадда жана райондордо ачылып, элди тейлейт.
Мындай аракетти Саламаттыкты сактоо министрлиги колдоого алган жана бул үчүн Эл аралык банктан 1 миллион доллар каражат бөлүнүп берилген.