Ысык-Көл облусунда тамчылатып сугаруу боюнча республикалык семинар өттү

Кечээ, 17-июнда Ысык-Көл облусунда тамчылатып сугаруу боюнча республикалык семинар өттү. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Аталган иш-чарага КРнын Биринчи вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев, өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Каптагаев, айыл чарба жана мелиорация министри Таалайбек Айдаралиев, ЖКнын депутаттары, республиканын бардык облустарынан келген өкүлдөр, дыйкан-фермерлер катышты. 

Т.Сарпашевдин айтымында, аталган семинардын негизги максаты - республиканын жаратылыш шарттарын эске алуу менен сугат суусун туура жана үнөмдүү пайдаланууну жайылтуу. “Ал эми тамчылатып сугаруунун артыкчылыгы - сугат суусу бууланып, жоготууга учурабай, көп үнөмдөлөт жана жердин өнүмдүү кыртышы жуулуп кетпей, топурактын физикалык курамы сакталып калгандыгында”,- деди ал.

Семинардын катышуучулары Тоң районундагы "Нарсу" айыл чарба кооперативиндеги тамчылатып сугарууну практика жүзүндө өз көздөрү менен көрүшүп, аталган кооперативдин жетекчисине суроолорду беришип, маалымат ала алышты. Ошондой эле тамчылатып сугарууну жайылтуу максатында атайын видеоматериалдарды телекөрсөтүү аркылуу жана түшүндүрүү боюнча иштер колго алынмакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан