Султан Садыралиев бүгүн, 18-июнда "Ала-Тоо" аянтында "Кыргыз бийи" ырына 200дөн ашык бийчилердин коштоосунда клип тартты. Клип тартуу алгач бийчилердин чакан концерттик программасы менен башталды. Анда келген коноктор "Шаттык", "Миң кыял", "Жаш кыял", "Назик", "Керемет" бий топторунун өнөрлөрүнө күбө болушту. Андан соң Султан Садыралиевдин аткаруусунда "Кыргыз бийи" жаңырып, бий топтору кыргыз бийин аткарышты.
Белгилей кетсек, "Кыргыз бийинин" сөзү Кыялбек Урманбетовго таандык. Ырчы бул ырына буга чейин Нарындагы "Таш-Рабаттан", кереметтүү Ысык-Көлдөн жана Чүйдөгү Буранадан тартуу иштерин жүргүзгөн. Эми эртеңден баштап Талас, Суусамыр, Баткен, Ош, Жалал-Абад жергесинен тартышмакчы.
Уюштуруучулардын айтымында, ар ишемби сайын "Ала-Тоо" аянтында кыргыз бийинин жана поэзиясынын кечеси өткөрүлүп турмакчы.