Ошто «Fashion show-2014» мода көргөзмө-сынагы өттү

18-июнда Ош шаарындагы ресторандардын биринде шаардагы жогорку окуу жайлар жана моделдик агенттиктер арасында «Fashion show-2014» мода көргөзмө-сынагы өттү. Бул тууралуу бүгүн, 19-июнда Ош шаардык мэриясынын Жаштар иштери боюнча комитетинин төрагасынын милдетин аткаруучу Эрнис Кулназаров билдирди.
Анын айтымында, сынак төрт багыт боюнча өтүп, улуттук колориттеги кийимдер, ар кандай буюмдардан жасалган кийимдер, балдар жана заманбап үлгүдөгү кийимдер сынагы болду.
"Чынын айтыш керек, сынакта бардык кийимдердин дизайны өзгөчө болду. Бирок талапка ылайык калыстар жыйынтык чыгарыш керек болду. Ошентип, алар 1-орунду Ош мамлекеттик университетине, 2-орунду Ош технологиялык университетине, ал эми 3-орунду Ош мамлекеттик социалдык университетине ыйгарышты.
Жеңүүчүлөргө уюштуруучулар тарабынан баалуу белектер тапшырылды",- дейт Эрнис мырза.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан