22-июнда Орто-Сай айылынын жанында “Таза желек сабы, таза шаар, таза Кыргызстан” аталышында экологиялык акция өткөрүлөт. Бул тууралуу иш-чараны уюштуруп жаткан Кыргызстандагы "Альпия" клубу жана Япон-Кыргыз биримдигинен билдиришти.
Акция айлана-чөйрөдөгү таштандыларга коомчулуктун көңүлүн буруу максатында өтмөкчү. “КРнын Мамлекеттик Желеги орун алган территориянын айланасы Токой чарба башкармалыгына карайт. Анткен менен бюджеттен бөлүнгөн каражат ал жакты дайыма тазалап турганга жетишсиз. Айрыкча эң кооптуу болгон пластикалык таштандыларды бардык жерден көрүүгө болот”,- деп билдиришет уюштуруучулар.
Иш-чара JICA жана SIDOC волонтёрлорунун жардамы аркылуу өткөрүлөт. Желек орнотулган жердин айланасын тазалоо иштерине Токой чарба башкармалыгы да катышат.