20-июнда Бишкектеги Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Юридика институтунун базасында криминалистикалык лабораториянын ачылышы болот. Бул тууралуу аталган университеттин басма сөз кызматы билдирди.
Лаборатория соттук экспертиза адистиги боюнча окутуунун сапатын жогорулатуу максатында ачылып жатат.
Лабораториялык иштер үчүн институт тарабынан америкалык өндүрүштөн чыгарылган 500 долларлык криминалистикалык комплект, үч микроскоп, атайын лабораториялык стол, адамдын дене түзүлүшүнүн манекени алынган. Мындан тышкары 10 компьютер, интернетке кошулган интерактивдүү такта менен жабдылган.
Белгилүү болгондой, аталган лабораториянын ачылышы жана жабдыктар менен камсыздалышына Жогорку Кеңештин төрагасынын фонду 50 миң доллар бөлгөн.