20-21-июнь күндөрү Ысык-Көлдө урологдордун II эл аралык форуму өтөт

20-21-июнь күндөрү Ысык-Көл облусундагы "Ак-Марал" борборунда урологдордун II эл аралык форуму өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 19-июнда маалымат жыйынында КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин башкы урологу Акылбек Усупбаев билдирди.

Анын айтымында, иш-чарага мыкты чет өлкөлүк урологдор катышмакчы. “Форумдун максаты илимий жана практикалык тажрыйба менен алмашуу жана кызматташуунун стратегиясын даярдоо болуп саналат. Форумдун алкагында европалык урологдордун мектебинин семинары өтөт”,- деди Усупбаев.

Мындан тышкары ал иш-чаранын темасы “Заара-жыныс системиндеги инфекциялар” экенин белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан