Бүгүн, 19-июндагы маалымат жыйынында Испаниядагы урологиялык клиниканын башчысы Франсиско Мартинез: “Кыргызстанда урология адистиги боюнча окуган студенттер чет өлкөлөрдөн билимин жогорулатышса туура болмок”,- деп билдирди.
Анын айтымында, өнүккөн мамлекеттердеги жогорку окуу жайларда урологиялык билимди жогорулатыш үчүн аспиранттар 7 жыл окушат. “Ал эми Кыргызстанда болсо 2 жыл экен. Албетте, мыкты адис болуш үчүн бул аз мөөнөт”,- деди ал.
Орусиялык уролог Игорь Шадеркин: “Дүйнөдө ар бир эркек урологиялык илдетке ээ. Жалпы оорулардын тизмесинде урологиялык оору 3-орунга көтөрүлдү”,- деди.