Бишкекте жаңы эс алуучу жайлар пайда болду (фотолор)

Бишкектин Свердлов райондук администрациясы тарабынан Чүй-Шабдан баатыр көчөлөрүнүн кесилишиндеги коомдук сейил бак оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 19-июнда Бишкек шаардык муниципалитеттен кабарлашты.

Шаардык мэрия билдиргендей, аталган аймакта мурда санитардык талаптарга жооп бербеген кафе турган.

Бүгүн бак толугу менен тазаланып, жарык берилип, тосмолор менен курчалган жана гүл тигилген, отургучтар, таштанды салуучу челектер орнотулган, ошондой эле таш төшөлгө төшөлгөн.

Театралдык коомдук чакан сейил багы цирктин маңдайында (Фрунзе-Шопоков көчөлөрүндө) жайгашкан. КРнын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги жана Свердлов райондук администрациясы тарабынан аталган жайдын жарыгы толугу менен калыбына келтирилди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Jonaruk
2014-06-19 12:08:40
жакшы кылышыптыр европаныкына окшоштуруп скулптураларды тургузушса жакшы болмок шаардын аркайсы бурчтарына
0
Kymyzkyz
2014-06-19 12:20:19
Склуптура коюш керек десен эле дароо бироосунун эстелигин тургуза коюшат. Ансыз деле шаар эстеликке толуп кеткен. Элге анын кызыгы болбой калган. Коп эле эстеликтердин ким экенин элдин баары биле беришпейт.
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан