“Кыргызстандын аймактарында урологдордун жетишпегени байкалууда”,- деп айтты бүгүн, 19-июнда маалымат жыйынында КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин башкы урологу Акылбек Усупбаев.
Анын айтымында, өлкө боюнча жыл сайын урология боюнча 40 бүтүрүүчү окууну аяктайт. “Орусияда алыс аймактарда иштеш үчүн жаш дарыгерге 1 миллион рубль берилсе, бизде 100 доллар гана төлөнөт. Албетте, бул акчага жаштар иштегиси келбейт. Ошондуктан аймактарыбызда урологдордун жетишпегендиги байкалууда. Ал эми Бишкекте бул багыттагы адистер жетиштүү”,- деди ал.