18-июндан 21-июнга чейин күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарында сел жүрүшү жана дарыялардагы суулардын деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 19-июнда билдирди.
Буга байланыштуу ири өлчөмдөгү өзгөчө кырдаалдар менен адамдардын өлүмүнө жеткирбөө, материалдык чыгымдарды азайтуу жана өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү даярдыгы күчөтүлүүдө.