Бүгүн, 19-июнда Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин имаратында 300 жаш лидер, активист, студенттерди жайкы лагерге эс алууга жөнөтүүгө арналган иш-чара өткөрүлдү.
Аталган министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чаранын башкы максаты - эс алууга шарт түзүүгө көмөк көрсөтүү жана республиканын бардык аймактарындагы жаш демилгечи активисттерди интеграциялоо.
Бул иш-чара “Келечек жаштары” кайрымдуулук фонду менен биргеликте 2010-жылдан баштап жыл сайын өткөрүлүп келет. Бүгүнкү күндө 1300 жаштар аталган лагердин катышуучусу болушкан.