Ош мамлекеттик университетинин күнү белгиленип, мыктылар сыйланды

Ош мамлекеттик университетинин туулган күнүнө арналган иш-чара уюштурулуп, ага окуу жайдын профессордук-окутуучулук курамы, студенттер катышышты. Университеттин ректору Каныбек Исаков жамаатты майрамы менен куттуктап, ОшМУда аткарылып жаткан иштер, алдыдагы перспективалар тууралуу кеңири баяндады. Бул тууралуу бүгүн, 19-июнда окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди.

Анда Билим берүүнүн сапаты департаментинин директору Мейликан Алтыбаева окуу жайдын 75 жылдык мааракесинин алкагында өткөрүлгөн “Мыкты окутуучу”, “Мыкты лектор” сынактарынын жыйынтыгы менен тааныштырды. Жеңүүчүлөргө 1-орунга 12 000 сом, 2-орунга 10 000 сом, 3-орунга 8000 сом жана дипломдор, калган катышуучуларга ОшМУнун Ардак грамоталары тапшырылды.

Салтанаттын жүрүшүндө, тарбия иштерин стимулдаштыруучу сынактардын жыйынтыгы боюнча комиссиянын чечимине ылайык, “ОшМУнун тарбия иштерин мыкты жүргүзгөн декандын орун басары”, “ОшМУнун мыкты кураторлору” номинацияларын жеңип алгандарга дипломдор тапшырылып, баары Ысык-Көлгө жолдомо менен сыйланышты. Ошондой эле ОшМУнун илимий иштер жана сырткы байланыштар боюнча проректору, профессор Тасилкан Жумабаева студенттик аймактык олимпиадада 1-орунду алган студенттерди атап өттү. Аларга диплом, 1000 сом өлчөмүндөгү акчалай сыйлыктар ыйгарылды.

Майрамдык салтанат концерттик программа менен коштолуп, таланттуу окутуучулардын, студенттердин ыр-бийлери тартууланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан