28-июнда Нарын облусунда Кыргыз шырдагы фестивалы өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 19-июнда уюштуруучулар кабарлашты.
Маалыматка ылайык, иш-чаранын негизги максаты шырдак жасоону жайылтуу, аны кийинки муундарга өткөрүп берүү жана кол өнөрчүлөрдү колдоо болуп саналат.
Фестивалга "Алтын чөйчөк уздары" ассоциациясынын шырдактары жана башка кол өнөрчүлөрдүн жүндөн жасалган эмгектери коюлмакчы. Мындан сырткары шырдак жасоо боюнча мастер-класстар өткөрүлөт.
Фестивалдын жүрүшүндө келген конокторго улуттук суусундугубуз болгон кымыз берилмекчи. Ошондой эле кыргыздын улуттук оюндары ойнотулуп, каалоочулар үчүн "Кошой коргон", "Таш-Рабат" тарыхый жайларына сапарлар уюштурулат.
Белгилей кетсек, 2012-жылы декабрь айында шырдак жана ала кийиз кыргыздын жоголуп бара жаткан маданий мурасы катары ЮНЕСКОнун тизмесине киргизилген.