21-июнда Ысык-Көлдө “Ынтымак” курултайы өткөрүлөт

21-июнда Ысык-Көл облусунун Семёнов айылына караштуу Кырчын жайлоосунда “Ынтымак” курултайы өткөрүлөт. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чараны Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясы 2014-жыл - Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылынын алкагында уюштурууда.

Курултай элди ынтымакка, биримдикке, достукка үндөөгө багытталган.

Ага Ысык-Көлдөн чыккан коомдук ишмерлер, академиктер, профессорлор, чыгармачыл адамдар, жазуучулар жана башка элге эмгеги сиңген инсандар катышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан