Таласта "Кыргыз Республикасындагы балдар үчүн юстиция" аталышындагы тренинг өтүүдө

Бүгүн, 19-июнда Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу Судьяларды окутуу борбору Кыргыз Республикасындагы ЮНИСЕФ, “Укук борбору” коомдук фонду менен биргеликте "Кыргызстандын балдары үчүн юстиция" аталышындагы тренинг өткөрүүдө. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди.

Ага Талас облусунун судьялары, прокурорлору, жактоочулары, ИИМдин жана облустук социалдык өнүктүрүү аймактык башкармалыктарынын кызматкерлери катышууда.

Иш-чарада Талас облустук сотунун судьясы Жыргалбек Жамангулов, “Укук борбору” коомдук фондунун юристи Айжан Кадырова, Талас облустук прокуратурасынын бɵлүм башчысы Бакирдин Жанузаков, КРнын ИИМинин академиясынын окутуучусу Рашид Жумагулов жана Бишкек шаарынын Ленин райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын адиси Эльмира Ашырбаева окутуу иштерин жүргүзүүдө.

Тренингдин программасы боюнча төмөнкүдөй маселелер каралып жатат:

- Ювеналдык юстиция тармагындагы эл аралык стандарттар;

- Ювеналдык юстиция тармагындагы прокуратуранын ишмердигинин ɵзгɵчɵлүктɵрү;

- Жашы жетпеген соттолуучуга карата жазык ишин кароо ɵзгɵчɵлүктɵрү;

- Ювеналдык юстициядагы адвокаттык ишмердиктин ɵзгɵчɵлүктɵрү;

- Ювеналдык юстициянын социалдык ɵңүттɵрү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан