Кыргызстандын акыйкатчысы Бакытбек Аманбаев Бакуда өтүп жаткан “Адам укуктары боюнча улуттук институттардын аялдардын укуктарын камсыз кылуудагы ролу” деген аталыштагы акыйкатчылардын 12-эл аралык конференциясына катышууда. Бул тууралуу бүгүн, 19-июнда КРнын Акыйкатчысынын басма сөз кызматы билдирди.
Конференцияга 15ке жакын мамлекеттин укук коргоочулары жана Орусия Федерациясынын адам укуктары боюнча субъектилеринин өкүлдөрү катышууда. 18-июнда катышуучулар Гейдар Алиевдин эстелигине гүл коюшкан, муну менен катар Баку шаарындагы Ардактуу атуулдар көмүлгөндөр аллеясына жана Шейиттер аллеясында болушкан.
Эл аралык конференцияда Азербайжандагы Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Эльмира Сулейманова, премьер-министр Али Гасанов чыгып сүйлөшкөн.
Конференция 20-июнга чейин уланат. Ал эми бүгүн, 19-июнда Бакыт Аманбаев “Кыргыз аялдарынын чечимдерди кабыл алууда катышуусу” деген темада чыгып сүйлөйт.