21-июнда Бишкекте стрит-арт жана граффити боюнча Эл аралык 6-фестиваль өтөт. Ага Германия жана Франциядан келген 8, ал эми Кыргызстандан 8 жаш көчө сүрөтчү катышат. Алар "Баарыбыз бирге бактылуу" деген аталыштагы полотнону жаратышат. Бул тууралуу бүгүн, 19-июнда уюштуруучулар кабарлашты.
Алардын айтымында, фестиваль учурунда ар кандай оюндар уюштурулат. Аны менен катар келген көрүүчүлөргө фотосессия жасоого мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Белгилей кетсек, граффити сүрөт өнөрү өткөн кылымдын 80-жылдары Америкада жаралып, күн өткөн сайын бедели көтөрүлүп, бул өнөрдүн ышкыбоздорунун саны арбып келүүдө.