Алайдагы жол тосуунун кесепетинен бир катар ишканалар жабыркашууда

Алай районунда 27-майдан бери Ош-Эркеч-Там унаа жолу тосулуп, түштүк аймагынын экономикасына терс таасирлерин тийгизип, аймактагы экономикалык коопсуздук маселеси ойлонто баштаганы коомчулукта айтылууда. Бул тууралуу бүгүн, 19-июнда Экономика министрлигинин Түштүк аймактар аралык башкармалыгынын башчысы Искандарбек Маматов билдирди.

Анын айтымында, ушундай шартта түзүлүп жаткан айрым экономикалык маселелерге көңүл бөлүүгө жана маселени жол тосуу менен эмес, сүйлөшүүлөрдүн негизинде тез арада чечүүгө үндөйт.

“Бүгүнкү күндө жол тосуунун кесепетинен, бир гана көмүр менен иштеген ишканаларды карап көрсөк, алардын айрымдары токтоп же токтоонун алдында турушат. «Перити-Коал» көмүр казып алуучу ишканасы көмүр өндүрүүнү токтоткон. Ал эми салык төлөмдөрү боюнча карыз 4 миллиондон ашуун сомду түзүп, эгер көмүр казылбаса, керектөөчүлөргө сатылбаса, ал карызды төлөөгө ишкананын мүмкүнчүлүгү жоктугун билдиришүүдө”,- деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан