Бишкекте коомдун аярлуу катмарына акысыз юридикалык жардам берүү боюнча суроолор талкууланды

19-июнда Бишкекте “Сот адилеттигине жетүүнү кеңейтүү” долбоору талкууланды. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучулары билдиришти.

Иш-чарага мамлекеттик органдар, жарандык коомдор, эл аралык уюмдар катышты. Долбоордун башкы максаты - коомдун аярлуу катмарынын сот адилеттүүлүгүнө жетүү мүмкүнчүлүгүн акысыз юридикалык жардам берүү аркылуу кеңейтүү.

Максатты ишке ашыруу үчүн ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер, аялдар, балдар долбоорго киргизилди. Долбоор 4 жылга (2014-2017-ж.ж.) эсептелген. Ал Чүй, Ош облустарында, Бишкек жана Ош шаарларында жүзөгө ашырылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан