Калифорния штатындагы Сан-Марино шаарынын башчысы бир баштык таштанды үчүн жумушунан кетти

Калифорния штатындагы Сан-Марино шаарынын башчысы Деннис Кнайер бир баштык таштандыдан чыккан чырдан улам отставкага кетүүгө аргасыз болду. Бул тууралуу бүгүн, 19-июнда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты. 
Маалыматка ылайык, июнь айынын башында мэр аялы жана ити менен сейилдеп келип, колундагы таштанды салынган баштыкты кошунасынын үйүнүн жанына таштап койгон. Үйдүн ээси Филипп Лао анын бул жоругун көз жаздымда калтырбай, байкоочу камерага түшүрүлгөн видеону интернетке жүктөп салган. Кызуу талкууга алынган бул видеодон соң мэр өз жумуш ордун таштап кетүүгө аргасыз болгон.
"Ооба, мен туура эмес иш кылдым. Бул үчүн уялып жатам",- деп шаар башчысы жасаган ишин моюнуна алган. Бирок ал мэрлик кызматты тапшырганы менен, 2015-жылдын ноябрь айына чейин шаардык кеңештин депутаты мандатын тапшырбай тургандыгын кошумчалаган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
aikol87
2014-06-19 19:40:54
Кана бизде да ошондой болсо.
+3
zamir..
2014-06-19 19:45:31
Оуу.биздин чондор жеп койгонун камерадан корунуп турса деле бетин кызартып да койбойтта.акыретке кошо ала кете тургансып жешетко биздикилер
+6
zman53
2014-06-19 19:55:11
Эркек да!
0
Kunnur
2014-06-19 20:26:49
Да
-1
kama_future_millioner
2014-06-19 21:14:22
Абдан жакшы экен кана эле бизде да чондор ошондой болсо
+3
Ayday2
2014-06-19 21:35:33
Таба эмес, тообо бизде млндоп уурдагандар, жер саткандар, энеден туума жылаңач болуп айгыр болгондор,акыл үйрөтүп Ак ордодо отурат. Отставкага кетмек түгүл, арам тапкан оокатын чачып, жол бууп,жоболоң менен абактан бошонгусу келет.Мыйзамдын чегинде иш алпарбасак, келгиле ЖКны деле жоюп коёлук
+4
chalkan
2014-06-20 08:57:15
Ayday2, сизге кошулам, бизде: бет табак, коз чанач, кол туткуч, уят намыс минус ноль.
+1
aytpaymyn
2014-06-19 22:26:11
мынаке адамкерчилик,мындай маданиятка жетиш учун 70 жыл керек бизге,или"чондорго"
+2
abaychik
2014-06-19 23:16:03
70жыл жетпесе керек, андан кобураак керек.
+4
lampard8
2014-06-20 00:09:25
abaychik, 100 жыл жетеби?)))
+6
bekmurat1992
2014-06-20 00:22:54
жакшы адам екен уят намыс дегенди жакшы тушунот экен
+5
danok88
2014-06-20 03:09:45
биздегилер кайра беттен алып киришет
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан