Ош шаарында 21-июнь күнү миграция маселесинин алкагында мигранттардын эмгек укугунун корголушу жөнүндө көчмө жыйын өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 20-июнда иш-чаранын уюштуруучуларынын бири
Акылбек Ташбулатов билдирди.
Анын айтымында, жыйынга Эмгек, миграция жана жаштар, Тышкы иштер министрликтеринин, Ош шаардык жана Ош облустук өзүн өзү башкаруу органдарынын өкүлдөрү, СПИД борборунун, ошондой эле райондук, шаардык жана кичи коомдук кеңештердин өкүлдөрү, «Борбордук Азия кыймылы» платформасынын мүчөлөрү, эксперттер жана мигранттардын үй-бүлөлөрү катышат.
Маалым болгондой, Ош облусу жана Ош шаары миграциялык абал күч алган аймакка кирет. Ар жылы Ош облусу боюнча 80-100 миң адам эмгек миграциясында кошуна өлкөлөрдө жүрөт. Алардын 75-80 пайызы Орусия Федерациясында, Казакстанда 20 пайыз жана 3 пайызы башка өлкөлөрдө жүрөт. Ошону менен бирге ВИЧ, кургак учук сыяктуу ооруларын жугузуп алгандар да бар.
Буга байланыштуу жыйындын алкагында алдын алуу жана дарылоо иштери каралат. Андан сырткары жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары менен биргеликте жарандык секторлордун биргелешип иштешүүсүн жакшыртуу талкууга алынат.
Иш-чара Эл аралык "Коргоого көмөктөшүү" борбору жана Социалдык-экономикалык өнүгүү институту тарабынан уюштурулуп, «Миграциялык саясатка карата эффективдүү жол» долбоорунун алкагында өтүүдө.