Бүгүн Кыргыз улуттук аскер лицейинин курсанттарынын бүтүрүү салтанаты өткөрүлдү (фоторепортаж)

Бүгүн, 20-июнда Бишкектеги Дайыр Асанов атындагы Жеңиш” сейил багында КРнын Куралдуу күчтөрүнүн алдындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинин курсанттарынын бүтүрүү салтанаты өткөрүлдү. Бул иш-чарада аталган окуу жайдын 58 бүтүрүүчүсү толук орто билими тууралуу эңсеген аттестаттарын улук офицерлердин колунан алышты.

Бүтүрүүчүлөрдү Кыргыз Республикасынын Коргоо министринин биринчи орун басары, полковник Замир Сүйөркулов, Бишкек шаарынын Октябрь администрациясынын башчысы Камалдин Токтосартов жана Дайыр Асановдун жубайы Жамалбүбү Асанова куттукташты. Ошондой эле салтанатка бүтүрүүчүлөрдүн ата-энелери катышышты.

Лицейдин туусу менен коштошуу жана салтанаттуу марш оркестрдин коштоосунда жүргүзүлдү. Окуу жайдын бүтүрүүчүлөрүнүн көпчүлүк бөлүгү өздөрүнүн тагдырын аскер жашоосу менен биротоло байланыштырууну каалашат.

Лицейде үч жыл бою аскер окуу жайынын ичинде жашаган келечектеги аскер кызматкерлери окутуучулардын эмгегине ыраазычылыгын бидиришти. Анткени окуу жай өз алдынча жашоонун алгачкы тепкичине олуттуу таасир калтырды.

“Бүгүн мени башкача сезимдер курчап турат. Салтанатка күбө болуу үчүн апам Орусиядан атайын келди. Мен өзүмдүн тагдырымды аскер жашоосу менен байланыштыргым келет. Алдыда Орусиянын Коопсуздук боюнча федералдык кызматынын алдындагы Калининград чек ара институтуна тапшырайын деп турам”, -дейт бүтүрүүчү Темир Закиров.

“Мен кичине кезимден бери эле аскер болууну кыялданчумун. Тилегим акырындап орундалып, учурда аскер окуу жайын бүтүрүп жатам. 15 жашымдан баштап аскер формасын кийип, тартиптүүлүккө, жыйнактуулукка үйрөндүм. Эми Орусиянын Челябинск шаарындагы Аскердик аба күчтөрүнүн академиясына тапшырам”,- деп бүтүрүүчү Самат Жолборсов келечектеги пландары боюнча бөлүшүп өттү.

“Бүгүнкү күндөй бактылуулук жок болуш керек. Анткени балам эр жетип, атасынын жолун жолдоп аскер окуу жайын аяктап отурат. Анын мекендин сүйүп, аскер кызматын тандап алганы мен үчүн сыймык”,- дейт бүтүрүүчү Чыңгыз Мусаевдин апасы Бактыгүл Соотова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
omurbek1990
2014-06-20 17:01:25
жакшы. ийгилик баарына.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан