Жалал-Абадда селден жабыркаган үйлөргө милиция кызматкерлери жардам беришүүдө

Жалал-Абад шаарынын Тельман жана Тайгараев айылында жааган мөндүр аралаш жамгырдын кесепетинен  сел жүрүп, болжол менен 50дөй турак үйдүн жер төлөлөрүн, мал сарайларын жана бакчаларын каптаган. Учурда облустун, шаардын жетекчилери менен биргеликте Жалал-Абад ОИИБинин жетекчилиги демилге  көтөрүшүп, жабыр тарткан жарандарга жардам берүү боюнча элден ыктыярдуу топторду, милиция  кызматкерлеринен атайын топторду түзүшүп, жардам көрсөтүшүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 20-июнда Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Анда облустук милиция кызматкерлеринен түзүлгөн атайын топтор жабыр тарткан үйлөрдүн ичинен үй  буюмдарын, эмеректерин алып чыгышып, кум, ташка толуп калган жер төлөлөрдү, арыктарды, бакчаларын  тазалашып, элди ичкенге таза суу менен камсыздоодо болгон жардамдарын беришүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан