Кыргызстанда январь-февраль айларында сасык тумоо илдети күч алышы мүмкүн

Өлкөдө сасык тумоо жана курч кармоочу респиратордук вирустук инфекциясы (ОРВИ) менен ооругандардын саны өсүүдө. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. 2013-жылдын биринчи аптасына салыштырмалуу экинчи аптада бул дарт менен ооругандар 1,5 эсеге көбөйдү. Сыркоонун алдын алуу үчүн 6 миллион сом бөлүнүп, ага 15 миң дары каражаты сатылып алынган. Учурда дарыгерлер, "Тез жардам" кызматкерлери, балдар үйлөрү, жатак-мектеп, карылар үйүндө жашагандарды эмдөө ишин аяктап калды. Медициналык мекемелерге чүбөт кийүү тартиби киргизилип, жатак орундар менен дары-дармектер даярдалды. Январь жана февраль айларында сасык тумоонун күч алышы күтүлө тургандыгын билдирет министрлик.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан