19-июнда Баткен шаарында кыргыз-тажик чек аралары боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн кезектеги отуруму болду.
Ага вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев жана Тажикстандын вице-премьер-министри Муродали Алимардон башында турган чек араларды делимитация жана демаркациялоо боюнча комиссиянын мүчөлөрү катышты.
Анда Көк-Таш - Ак-Сай - Рават жолун куруу, Тажикстан тарап сунуш кылган Ак-Сай айылынан айланып Ворух анклавына өтүүчү жолдордун варианттарын кароо, 7-майдагы чек ара жаңжалынан улам зыян тарткан кыргыз жарандарынын чыгымдарын төлөп берүү жөнүндө сөз болду.
Маалым болгондой, эки өлкөнүн вице-премьер-министрлери менен Транспорт министрлигине тиешелүү жооптуу өкүлдөр курулушу токтоп турган Көк-Таш - Ак-Сай - Рават жолу жана Ак-Сай айылынан Ворухка өтүүчү жол менен жеринде таанышып кайтышты. Мындан тышкары эки тарап Кыргызстан менен Тажикстан ортосундагы мамлекеттик чек ара, эки көпүрөнүн жана Кулунду - Максат унаа жолунун участкасынын курулушу жөнүндө макулдашуу долбоорун талкуулашты.