Искра айылындагы өрттүн кесепетинен жапа чеккендер президенттен жардам сурашууда

Чүй районунун Искра айылындагы өрттүн кесепетинен үй-жайсыз калган жарандар президенттен, өкмөттөн жана коомчулуктан жардам сурашууда.

Бүгүн, 20-июнда маалымат жыйынында жабырлануучу Ольга Горяеванын берген маалыматына караганда, учурда ал балдары менен №61-лицейдин жатаканасында жашап турат. “Өрттөн жапа чеккендерге жер тилкелери жана батирлер берилет” деген убада айтылган. Бирок бул сөз бойдон калууда. Жалпысынан өрттүн кесепетинен 18 үй-бүлөдөн 68 адам жабыркады. Алардын арасында 27 бала, 6 пенсионер бар”,- деди ал.

Мындан тышкары башка жабырлануучу Мундуз Сакешова депутаттардан кышка чейин турак үй менен камсыздоону суранды. “Өрттөн кийин мечит, чиркөөлөрдүн өкүлдөрү, Искра айылынын тургундары жардам беришти. Биз аларга абдан ыраазыбыз”,- деп кошумчалады Сакешова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Ayday2
2014-06-20 20:16:31
Ой искралыктар, айылыңардын атын өзгөртпөсөңөр, кырсык чалып, көп кыйналдыңар.Азыр айыл аттарын өзгөртүүгө мыйзам да жол бербей калды.Андан көрөкчө Бакубат деп атап алгыла, кийин заман оңолгондо, документтештирип аласыңар.Өткөндө уруш башталып араң басылды.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан