Лос-Анжелестеги клиникалардын биринде
"мээнин 4-стадиядагы рагы" диагнозу менен дарыланып жаткан орусиялык ырчы
Жанна Фриске июль айынын аягында мекенине келет. Бул тууралуу бүгүн, 20-июнда ырчынын атасы
Владимир Фриске орусиялык маалымат каражаттарына билдирген.
"Жанна баштапкыга караганда өзүн жакшы сезип калды. Көпчүлүк убактысын аудиокитептерди, музыкаларды угуу менен өткөрүүдө. Негедир акыркы убакта ал тарыхый чыгармаларга басым жасоодо. Падыша, ханышалар тууралуу чыгармаларды угуп жатат. Мындан сырткары скайп аркылуу достору менен сүйлөшөт. Буюрса, июль айынын аягында Орусияга барат",- деп билдирген ырчынын атасы.