Билим берүү министри Канат Садыков бүгүн, 20-июнда Чүй облусунун аймагындагы мектептердин курулушу менен таанышат. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, министр Мураке, Букара, Бала-Айылчы, Асылбаш, Сосновка, Военно-Антоновка жана Төш-Булак айылдарында болот. Курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышуудан тышкары министр мектеп мугалимдери менен жолугуп, билим берүү системи боюнча талкуу өткөрүүнү пландоодо.