Ошто Дүйнөлүк качкындар күнү белгиленүүдө

Бүгүн, 20-июнда Ош шаарындагы Токтогул атындагы сейил багында Качкындар күнү белгиленүүдө. Ага шаардагы жана Ооганстандан келген качкындардын үй-бүлөлөрү катышууда. Алар үчүн качкындар тууралуу театрлаштырылган көрсөтмө, ар улуттун улуттук бийи, ырлары аткарылууда.

Ошондой эле иш-чаранын алкагында тынчтык жөнүндө сүрөт тартуу боюнча сынак жүрүп, аларга белектер тапшырылып, келгендерге шириндиктер таратылууда.

Ал эми Эл аралык "Коргоого көмөктөшүү" борборунун жетекчиси Акылбек Ташбулатовдун айтымында, бул күн качкындар күнүн белгилөөчү майрам эмес. «Бул күн качкындарга көңүл бөлүп, аларга жардам берүү үчүн арналган жалпы Дүйнөлүк качкындар күнү»,- деди ал. Ошону менен катар Ош шаарында 31 качкын бар экенин кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан