24-июнда Бишкекте Улуу Ата Мекендик согуш жылдарынын башында Фрунзе шаарында түзүлгөн 385-аткычтар дивизиясына арналган эскерүү маршы өткөрүлөт.
“Митинг-реквием №97-лицейинде өткөрүлөт. Катышуучулар дивизиянын музей бөлмөсүн көрө алышат. Ал эми аскер бөлүктөрү үйлөмө аспап оркестринин коштоосунда марш менен легендарлуу дивизиянын маршруту аркылуу өтүшөт. Андан соң “Пишпек” станциясындагы Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын эстелигине гүл коюлат”,- деп билдиришет уюштуруучулар.