21-24-июнь аралыгында Бишкектин жана Чүйдүн айрым райондорунда электр жарыгы өчүрүлөт

21-24-июнь аралыгында Бишкектин жана Чүйдүн айрым райондорунда электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу “Түндүк электр” ишканасы маалымдады.

Белгилүү болгондой, 21-июнда Бишкектин Баялинов, Жаш Гвардия, Ленинградский, Жамбыл көчөлөрүндө, 22-июнда Панфилов, Баетов, Жибек Жолу көчөлөрүндө электр жарыгы болбойт.

Электр жарыгы 21-23-июнда Чүйдүн Октябрь, Ак-Суу, Крупское, Степное, Ставропавловка жана Сокулук айылдарында, 23-июнда Аламүдүн районуна караган Лебединовка айылында өчүрүлүшү мүмкүн.

Мындан тышкары 23-июнда Бишкекте "акылдуу" эсептегичтерди орнотуу иштери улантылат. Ушундан улам Элебесов, Арычная, Менделеев, Куликовская, Бакинская, Болотная көчөлөрүндө, Жибек Жолу кең көчөсүндө, Родниковая, Станислав, Черкесский кичи көчөлөрүндө, Учкун жана Келечек жаңы конуштарында электр энергиясы өчүрүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан