21-22-июнда Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда алгачкы жолу "Oriental-2014" деген аталышта чыгыш бийлери боюнча I эл аралык чемпиондук өткөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 20-июнда уюштуруучулар кабарлашты.
21-июнда чемпиондуктун салтанаттуу ачылышы болуп, элдик жана заманбап бийлерди аткарган бийчилер өз өнөрлөрүн тартуулашат. Ал эми чемпиондуктун экинчи күнүндө, 22-июнда араб бийин аткарган бийчилердин мелдеши көрүүчүлөрдүн назарына сунушталып, жеңүүчүлөр аныкталмакчы. Ушул эле күнү сынакта жогорку упай топтогон бийчилердин катышуусунда гала-концерт өтөт.