20-23-июнда борбор шаардагы мектептерде бүтүрүүчүлөрдүн салтанаттуу иш-чарасы өткөрүлөт. Майрамдык иш-чарада коомдук мыйзам бузуулардын алдын алуу максатында милиция кызматкерлери бардык мектептерде күзөттө турушат. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы кабарлады.
Ошондой эле күзөттөгү кызматкер майрамдык кече өткөрүлгөн эс алуучу жайлардын жанында болушат.
Белгилей кетсек, күзөт иштери шаар ичинде түнү бою уланат.