22-23-июнь күндөрү Чүй облусунун Ленин айылында Ала-Арча суу сактагычынын жээгинде жол тандабас унаалардын жарышы өтөт. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучусу “Штурмовик” аттуу кыймылдын эл клубунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жарышка катышууга Казакстандын, Орусиянын жана Кыргызстандын мыкты айдоочулары чакырылган. Жалпысынан 30дан ашык экипаждын келүүсү күтүлүүдө. “Ушул жылдын мелдешинин өзгөчөлүгү - биатлон. Трассанын ар түрдүү жана татаал жолу унаалардын техникалык мүмкүнчүлүктөрүн ачып берет. Жарышта автоунаалар 1200-2000 метрлик шакекче маршрут менен жүрүшөт. Келген көрүүчүлөр үчүн сынактар жана оюндар пландалган”,- дешет уюштуруучулар.