21-июнда Бишкекте Түркия Кыргызстанга 3 "Тез жардам" унаасын салтанаттуу тапшырат. Бул тууралуу КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.
Аталган министрликтен билдиргендей, унаа 2014-жылдын 3-июнунда бекитилген “Кыргызстан менен Түркия өкмөттөрүнүн саламаттыкты сактоо жана медициналык илим жаатында кызматташуу келишими” алкагында тапшырылат.
Мерседес (MB 316 3665 4x2 Sprinter Panel VAN Ambulance) үлгүсүндөгү унаалар заманбап медициналык шаймандар менен жабдылган.
“КРнын саламаттыкты сактоо түзүмүндө санитардык автоунаалар менен камсыз кылууда татаал жагдай түзүлгөнүн белгилеп өтүү керек. Болгон унаалардын 60 пайызы өзүнүн техникалык потенциалын жоготкон. Бүгүнкү күндө "Тез жардам" кызматына 220 унаа керек”,- деп билдиришет Саламаттыкты сактоо министрлигинен.