Аваз Акимов "Эми башка" ырына клип тарттырды

Бүгүн, 21-июнда ырчы Аваз Акимов "Эми башка" ырынын клибин музыка сүйүүчүлөрүнө тартуулап отурат.
"Клиптин режиссёру - Эламан Акбаев. 3 күндүн ичинде тартылды. Баш каармандын, тагыраак айтканда, менин сүйгөн кызымдын ролун Азиза Жолболдиева деген кыз ойноду. Ал буга чейин тасмаларда роль жаратып жүргөнгөбү, кыйынчылыктарды жаратпады. Ал эми ата-энемдин ролундагы кишилерди менеджерим өзү тапты. "Атамдын" бир аз жаш көрүнгөнү эле болбосо, экөө тең ойдогудай ойноп беришти.
Бул ырдын сөзү Акбар Кубанычбеков деген досума, обону өзүмө таандык. Обон мурунку сүйлөшкөн кызыма арналган. Жүрөктөн чыккан обон десем болот. Ошол учурдагы жан дүйнөмдөгү кайгыны обонго салгам. Бир күнү досума жолугуп, андан "ушул обонго ылайыктуу текст жазып бер" деп суранып калдым. Анын сүйлөшкөн кызына арнап чыгарган даяр ыры бар экен, ошону обонго салып көрдүк эле, жарашып калды. Жыйынтыгында эки башка жолго түшкөн жаштардын сезимин чагылдырган чыгарма жаралды",- дейт ырчы бул клиби тууралуу.
Эми башка
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
koha
2014-06-21 01:56:55
Сюжети сонун экен)) ырына жараша клипи да татыктуу
0
ms.nazima
2014-06-21 03:05:32
наша Азиза гооо,умничка моя
0
adelima
2014-06-21 13:51:16
Аябай сооонун чыгыптыр ыр да, клип да. Азаматсын Аваз!
0
bolot00
2014-06-21 22:09:08
жакшы игилик
0
Egen.Osh
2014-06-22 02:10:54
Аваз иним азаматсын!Ырдын обону,клиби да жакшы чыгыптыр...
0
kg.555
2014-06-22 03:31:04
Азиза жакшынакай кыз экен аябай.......
0
NSS88
2014-06-22 04:17:47
Азаматсын Аваз ырын аябай жакшы ырдаптырсын но клип узбек клипи да ошондой чыккан 2005 жылы
0
crew89
2017-03-30 12:15:44
NSS88,кайсыл клип?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан