Ошто энелердин өлүмүн жашыруун изилдөөнү киргизүү боюнча семинар өткөрүлөт

20-21-июнда Ош шаарында боюнда бар аялдарга жана жаңы төрөлгөн наристелерге сапаттуу медициналык жардам көрсөтүү максатында Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарындагы медициналык кызматкерлерге энелердин өлүмү катталган окуяны жашыруун изилдөөнү киргизүү боюнча семинар өткөрүлөт.

БУУнун "Калкты жайгаштыруу" фонду билдиргендей, семинар жашыруун анкета аркылуу энелердин өлүмүн анализдөөгө багытталган.

Жашыруун анкета медициналык кароодон өткөн жана өтпөгөн аялдардын өлүмү тууралуу маалыматтарды камтыйт. Анкетаны комплекстүү кароодо энелердин өлүмүндөгү жалпы тенденция жана факторлор аныкталат, анда бейтаптын жана дарыгердин өздүк маалыматы ачыкка чыгарылбайт.

Бул негизде чогултулган маалымат өлүмдүн алдын алууга багытталган рекомендацияны иштеп чыгууга жардам берет.

Семинарды БУУнун "Калкты жайгаштыруу" фондунун техникалык жардамы менен КРнын Саламаттыкты сактоо министрлиги, Улуттук жашыруун иликтөө комитети уюштурууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
aida2013
2014-06-21 18:32:48
мм ушундай да болот бекен!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан