Ырчылар Назгүл Токтакунова менен Арсен жаңы чыгармада кыз-жигиттин образын жаратышты

Кыргыз эстрадасындагы коңур үндүү ырчы кыздардын бири Назгүл Токтакунова бүгүн, 21-июнда күйөрмандарына "Кусалык" аттуу ырынын клибин тартуулады. Кызыгы, бул жаңы чыгармада Назгүл менен Арсен кыз-жигиттин ролун аткарышкан.

Ырчынын айтымында, клиптин көпчүлүк бөлүгү Бишкек шаарында, ал эми кайсы бир кадрлар кереметтүү Ысык-Көл жээгинен тартылган. "Клиптин режиссёру - Мирлан Саткымбаев. Негизинен клипти сапаттуу тартууга болгон күчүбүздү жумшадык. Мындан улам тартуу иштерине бир жылдан ашык убактыбызды кетирдик.

Клипте эки гана каарман бар, мен жана Арсен. Клипке каарман тандоо учурунда Арсен жаныбызда болчу. Анан Арсенге "Жигиттин ролуна сен эле тартылып бербейсиңби?" десек, дароо макулдугун берди. Экөөбүз буга чейин да Арсендин клибинде чогуу роль жаратканбыз. Мындан улам биз тууралуу "экөө кыз-жигит экен" деген кептер да айтылган. Чынында, Арсен экөөбүз жакын достордонбуз. Чыгармачылык жактан дайыма бири-бирибизди колдоп келебиз",- дейт Назгүл Токтакунова жаңы чыгармасы тууралуу.

 
Кусалык
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Jakai89
2014-06-21 03:16:49
Ыры норм эле экен бей таныш Баланы клипке тартса болмок Эко биринин ырына бири клипке тартыла бербей
-1
adelima
2014-06-21 13:43:27
Мааниси таптакыр жок го клиптин
0
youngyoung
2014-06-21 15:31:05
Кыздын моюну бир аз эле узун болгондо... бирок жакшы эле тартылыптыр.
0
kg.555
2014-06-22 03:36:04
мерс сонун экен,кыймылдаткыч кучу канча болду экен?
0
yasmina_kg
2014-06-22 17:45:01
жакпады
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан