Жалал-Абадда бир катар акимдер Мамлекеттик кызматкерлердин күнүнө карата сыйлыктар менен сыйланышты

20-июнда Жалал-Абад облустук администрациясынын имаратында мамлекеттик кызматкерлердин кесиптик майрамы белгиленди. Бул тууралуу бүгүн, 21-июнда облустук администрациядан билдиришти.
Ага өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басарлары Жумагүл Эгембердиева, Нурбек Жээналиев, Мамлекеттик кадр кызматынын түштүк аймактык өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Искендер Матраимов жана район-шаарлардан келген мамлекеттик кызматкерлер катышты.
Анда Жумагүл Эгембердиева мамлекеттик кызматкерлердин коомдогу орду маанилүү экенин белгилеп, аларга ийгиликтерди каалады. 
Андан соң облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө салым кошуп жаткан алдынкы кызматкерлерге ыйгарымдуу өкүлдүн Ардак грамотасы жана Мамлекеттик кадр кызматынын сыйлоо баракчалары тапшырылды. Ошондой эле «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызматынын отличниги» төш белгиси менен Сузак районунун акими Нурболот Мирзахмедов, Тогуз-Торо районунун акими Тилек Идирисов жана башка тармактагы жалпы 7 кызматкер сыйланды.
Айта кетсек, 2002-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун чечими менен 23-июнь Мамлекеттик кызматкерлердин күнү катары жарыяланган. Бул майрам Кыргызстанда 2007-жылдан бери белгиленип келет.   
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
aida2013
2014-06-21 18:44:10
куттуктайбыз сыйлыгынар кут болсун!эми элинер учун кызмат кылгыла чарчабай .....силерден сураныч
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан