Жалал-Абадда кымыз майрамы өттү. Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылына карата өткөн саамалыкты Тогуз-Торо районунун эли уюштурду. Бул тууралуу бүгүн, 23-июнда аталган райондун акими
Тилек Идирисов билдирди.
Анын айтымында, кымыз майрамы Жалал-Абадда экинчи ирет өтүп жатат. Бул жолу көп улуттуу жалал-абаддыктарды биримдикке чакыруу демилгеси көтөрүлдү.
"Былтыр Жалал-Абад облусунда 15-июнда кымыз майрамы белгиленген. Анда биз, Тогуз-Торо району 1-орунду жеңип алганбыз. Ошон үчүн бул майрамды быйыл биз өткөрдүк”,- дейт аким.