Бишкекте 21-июнда Түркия Кыргызстанга 3 "Тез жардам" унаасын салтанаттуу тапшырды. Бул тууралуу Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинен кабарлашты.
Иш-чарага Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Метин Кылыч, КРнын Саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева катышты.
Аталган министрликтен билдиргендей, унаа 2014-жылдын 3-июнунда бекитилген “Кыргызстан менен Түркия өкмөттөрүнүн саламаттыкты сактоо жана медициналык илим жаатында кызматташуу келишими” алкагында тапшырылды.
Мерседес (MB 316 3665 4x2 Sprinter Panel VAN Ambulance) үлгүсүндөгү унаалар заманбап медициналык шаймандар менен жабдылган.
“КРнын саламаттыкты сактоо түзүмүндө санитардык автоунаалар менен камсыз кылууда татаал жагдай түзүлгөнүн белгилеп өтүү керек. Болгон унаалардын 60 пайызы өзүнүн техникалык потенциалын жоготкон. Бүгүнкү күндө "Тез жардам" кызматына 220 унаа керек”,- деп билдиришет Саламаттыкты сактоо министрлигинен.