Бүгүн, 23-июнда Бишкекте “Кыргыз Республикасында адам укуктарын ишке ашыруу чөйрөсүндөгү мамлекет менен жарандык коомчулуктун өз ара аракети. Кыргыз Республикасында 2013-жыл үчүн адам укуктары боюнча ар жылдыктын сунуштамаларын аткаруу” деген темада форум өткөрүлөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады.
Форумдун максаты мамлекеттик органдар менен жарандык коомчулуктун ортосунда конструктивдүү маек куруу, ошондой эле Кыргызстанда адам укуктарын сактоо жана коргоо жаатында иштелип чыккан сунуштамаларды ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү болуп саналат.
Форумга Жогорку Кеңештин депутаттары, КРнын Президентинин аппаратынын өкүлдөрү, өкмөт мүчөлөрү, элчиликтердин, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү катышат.