Бүгүн ачык билим берүү идеясын өнүктүрүүгө арналган эл аралык конференция өткөрүлөт

Бүгүн, 23-июнда Бишкекте “Ачык билим берүү ресурстары жана санариптик билим берүү” аталышындагы эл аралык конференция өткөрүлөт. Конференция “Роза Отунбаеванын демилгеси” коомдук фондунун “Ачык китеп” долбоорунун алкагында өткөрүлөт. Бул тууралуу аталган фонддон кабарлашты.

Конференциянын максаты - Орто Азия жана Монголияда ачык билим берүү идеясын өнүктүрүү жана илимге жол ачуу, Улуу Британия, Кыргызстан, Казакстан, Монголия, Тажикстан жана башка мамлекеттердин мамлекет секторунун өкүлдөрү, билим берүү коому, жарандык активисттер жана ачык билим берүү саясатын өнүктүрүү жаатындагы эксперттер менен тажрыйба алмашуу.

Иш-чарага КРнын Вице-премьер-министри Э.Сариева, КРнын Билим берүү жана илим министри К.Садыков, ЖКнын депутаттары К.Осмоналиев, Р.Акназарова, Э.Иманалиева жана башкалар катышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан