Бүгүн, 23-июнда Бишкекте Европанын билим берүү системиндеги сапаттуулук программасын Кыргызстандагы билим берүү системине колдонуу боюнча семинар өткөрүлөт. Бул тууралуу КРнын Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.
2014-жылдын 1-сентябрынан тартып “Билим жөнүндө” аттуу мыйзамга кирген өзгөртүүлөр күчүнө кирет.
Бул мыйзамды ишке ашырууда аталган министрликтен атайын топ түзүлүп, алардын түзүмүнө министрликтердин өкүлдөрү, академиялык жана эксперттик коомдор, бейөкмөт уюмдар кирген.
Сапаттуу билим менен камсыздоо процессин өнүктүрүү жана жогорку окуу жайларын аккредитациялоо боюнча нормативдүү документтердин долбоорун иштер чыгууда атайын түзүлгөн топ тарабынан эл аралык жана пилоттук жогорку окуу жайларына толгон Кыргызстандын улуттук тажрыйбасы жогорку деңгээлде эске алынган.