Эртең Cуусамырда жайлоо бала бакчалары ачылат

Эртең, 24-июнда Суусамыр өрөөнүндө жайлоо бала бакчаларынын ачылыш аземи өткөрүлөт. Аземге КРнын Вице-премьер-министри Эльвира Сариева катышат.

Маалымат үчүн айта кетсек, 2014-жылы жай айларында Кыргызстандын бардык облустарынын тоолуу аймактарында 35 жайлоо бала бакчасы ачылууда. Жайлоо бала бакчаларында тоолуу аймактарда жашаган мекендештерибиздин балдары үч ай бою күнүгө үч сааттан окууга, ар тараптан өнүгүүгө мүмкүнчүлүк алышат.

Жайлоо бала бакчаларын ачууга КРнын Билим берүү жана илим министрлиги, Жайыт департаменти, жайыт комитеттери жана айыл өкмөттөрү көмөк көрсөтүүдө. Бул тууралуу долбоор ээси болгон "Роза Отунбаеванын демилгеси" коомдук фондунан кабарлашты. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Apsi
2014-06-23 12:02:56
Азаматсынар!бул жасаган ачылышынар ич жылыта турган иш экен!кубанып жатам.Ааламга жол жайлоодон башталат))))))))))))))))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан